СУРООҢУЗ БАРБЫ? БИЗГЕ ЖАЗЫҢЫЗ
СУРООҢУЗ БАРБЫ? БИЗГЕ ЖАЗЫҢЫЗ
УРМАТТУУ КАРДАРЛАР!
ЖЧК МКК "UCH Credit" компаниясын биздин кызматтарды тандап алганыңыз үчүн жана биздин компанияга ишеним артканыңыз үчүн Ыраазычылыгыбызды билдиребиз!
Кызмат көрсөтүүнүн жана тейлөөнүн сапатын тынымсыз жогорулатуу үчүн биз кардарларды тейлөөнү жакшыртууга мүмкүндүк берген каалоо-тилектерди жана сунуштарды угууга кубанычта болобуз. Сиздин сунуштарыңыз, даттанууларыңыз жана сын-пикирлериңиз биз үчүн эң баалуу маалымат.
Тейлөөнүн сапатын тынымсыз жогорулатуу - биздин компаниянын башкы приоритети. Биздин Кардарлардын бардык суроо-талаптары артыкчылыктуу болуп саналат жана компаниянын кеңсесинде каралат. Компаниянын жетекчилиги менен жолугууну кааласаңыз, алгач 0312 391816 телефону аркылуу жолугушууга жазылышыңыз керек.
Ээлеген кызматы | Жетекчинин аты жону | Кабыл алуу убактысы |
---|---|---|
Башкы мудур | Сейитов Рашид Ураимович | Шейшемби, Бейшемби 14:00-16:00 |
Ошондой эле компаниянын иштөөсү боюнча сунуштарыңыз болсо Сиз төмөнкүлөрдү кыла аласыз:
Кайрылуунун түрүнө карабастан Сиз көрсөтүүңүз керек:
Сиздин кат менен кайрылууңузду кароо жыйынтыктары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө Сизге кайрылуу катталган күндөн баштап отуз календардык күндөн кечиктирбей кабарлашат.
Керектөөчүлөрдүн укуктары:
1. Сиз ФКМ (финансы-кредиттик мекемени) жана финансылык кызмат көрсөтүүнү эркин тандай аласыз.
2. Сиз кредит келишимине же башка келишимге, макулдашууга кол коюудан баш тартууга укуктуусуз.
3. Сиз кредит келишиминин тилин тандоого укуктуусуз: мамлекеттик (кыргыз) же расмий (орус).
4. Сиз бардык тиркелүүчү документтери менен кредит келишиминин долбоорун колго алууга жана 1-3 күн аралыгында ФКМ чегинен тышкары кеңеш сурап кайрыла аласыз.
5. Сиз кредиттин шарттары жана баасы жөнүндө, төлөмдөр жана кредит боюнча эсептөөлөрдүн тартиби (пайыздар, туумдар, айыптар) жөнүндө, кредит келишими боюнча Сиздин укуктар жана милдеттер жөнүндө, ал боюнча тобокелдиктер, кесепеттер жана жоопкерчилик жөнүндө, ошондой эле Сизге түшүнүксүз болгон кредиттин шарттары тууралуу башка маселелер жөнүндө толук маалыматты жана түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуусуз.
6. Кредит келишимине кол койгондон кийин, бирок акча каражаттарын иш жүзүндө алган учурга чейин Сиз кредиттен бекер баш тартууга укуктуусуз.
Аталаышы | Дареги | Телефон |
---|---|---|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы | Бишкек ш., Чүй пр., 168 | (0312) 614578 |