СУРООҢУЗ БАРБЫ? БИЗГЕ ЖАЗЫҢЫЗ

Дш - Жм: 9:00 - 18:00

Иш-Жш: Эс алуу күнү

+996 312 39-18-16
+996 312 39-18-52
+996 312 39-18-25

+996 999 77-60-50
+996 554 60-99-40
+996 555 92-49-79

Уметалиева кч., 99/1
office@uch-credit.kg

КАЙРЫМДУУЛУК

Star InactiveStar InactiveStar InactiveStar InactiveStar Inactive
 

«UCH Credit» негизги принциби калктын социалдык аялуу катмарларына кайрымдуулук көрсөтүү болуп саналат. Коомдун аялуу катмарларынын алдындагы социалдык жоопкерчилик жогорку финансылык жыйынтыктарга жетүү, жоопкерчиликтүү кредиттөө, биздин компанияны жана жалпы персоналды кесипкөй өнүктүрүү менен тыгыз өз ара байланыштуу. «UCH Credit» үчүн кайрымдуулук иши – бул ыктыярдуу жана аң-сезимдүү өзүнө алынган, коомдун социалдык аялуу катмарларынын жашоосун жакшыртууга колдон келген салымды кошуу милдеттенмеси. Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «UCH Credit» компаниясы Беловодск психоневрологиялык үй-интернатына кайрымдуулук жардам көрсөттү. Компаниянын жетекчилиги жана кызматкерлери көңүл кош калышкан жок, алар бул иш-чараны өткөрүүгө активдүү катышты. Каражаттын негизги бөлүгү балдар үчүн керектүү буюмдарды сатып алууга жана тамак-аш азыктарын алууга жумшалган. Келечекте «UCH Credit» компаниясы коомдун муктаж болгон катмарларына колдоо көрсөтүү боюнча кайрымдуулук акцияларына активдүү катышат.

1
2
3
4

 

Коронавирус пандемиясынан жана чектөө чараларынан улам жаралган социалдык-экономикалык кырдаал ар кандай кайрымдуулук жардамга муктаж болгондордун санын көбөйттү, калктын бул катмарынын олуттуу бөлүгүнө зарыл колдоо көрсөтүү чаралары көрсөтүлбөй калган. Буга карабастан «UCH Credit» компаниясы пандемия шарттарында өзү камкордукка алган – Беловодск психоневрологиялык үй-интернатына колдоо көрсөтүүнү улантып келет. Компаниянын жетекчилиги жана кызматкерлери балдар үйүнө барып, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кайрымдуулук акциясына катышты. Кайрымдуулук – уюмдун түзүмүнүн өнүгүү көрсөткүчү, «UCH Credit» компаниясы үчүн бул активдүү социалдык позициянын маанилүү бир бөлүгү болуп саналат. Иштин бул багытынын маанисин түшүнүп, «UCH Credit» компаниясы 2019-жылдан тартып туруктуу негизде кайрымдуулукка багытталган социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырып баштаган жана мындан ары дагы калктын муктаж болгон катмарына колдоо көрсөтүүгө басым жасайт.

1
2
3
4

logo_color1.png

КРУБ курсу

Дарек

Уметалиева 99/1 кч.
Бишкек, Кыргызстан

+ 996 312 39-18-16
+ 996 312 39-18-52
+ 996 312 39-18-25
+ 996 999 77-60-50
+ 996 554 60-99-40
+ 996 555 92-49-79

office@uch-credit.kg

© Бишкек - 2024, “UCH Сredit” микрокредиттик компаниясы
КРУБ №305 күбөлүгү