СУРООҢУЗ БАРБЫ? БИЗГЕ ЖАЗЫҢЫЗ

Дш - Жм: 9:00 - 18:00

Иш-Жш: Эс алуу күнү

+996 312 39-18-16
+996 312 39-18-52
+996 312 39-18-25

+996 999 77-60-50
+996 554 60-99-40
+996 555 92-49-79

Уметалиева кч., 99/1
office@uch-credit.kg

БИЗ ЖӨНҮНДӨ

“UCH Сredit” микрокредиттик компаниясы 2010-жылы “UCH Partners” ири түштүк-корея акционердик коому тарабынан негизделген. “UCH Сredit” компаниясын негиздөө менен “UCH Partners” АК жакырчылыкты жеңүү, жумуштуулук деңгээлин жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык жана ишкердик активдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга багытталган заманбап финансылык мекеме түзүү максатын көздөгөн.

2011-жылдан тартып “UCH Сredit” рынокто тез өнүгүп баштаган жана азыркы учурда компаниянын уставдык капиталы 107 951 726,44 сомду түзөт, кредиттик портфелдин көлөмү 350 000 000 сом, активдер 405 142 509 сом.
2013-жылы биздин Компания үчүн олуттуу окуя болду – биз Түштүк Кореянын алдыңкы SAMHWA PAINTS лак-сыр компаниясын инвестор катары тарттык.

2014-жылы биз жаңы кардарларды тарттык, ошондой эле кредитти алууга туруктуу кардарлардын үлүшү көбөйдү, бул керектөөчүлөр биздин кызмат көрсөтүүнү баалай турганын далилдеди.

2015 жана 2016-жылы татаал экономикалык кырдаалга карабастан, биздин компания компаниянын өнүгүү жана өсүү тенденциясын сактап калган.

ФИНАНСЫЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨР:

Финансылык Маалыматтардын Таблицасы
Финансылык көрсөткүчтөр 2014-жыл 2015-жыл 2016-жыл 2017-жыл 2018-жыл 2019-жыл 2020-жыл 2021-жыл 2022-жыл 2023-жыл
Уставдык капитал 107 951 726,44 107 951 726,44 107 951 726,44 107 951 726,44 107 951 726,44 107 951 726,44 107 951 726,44 107 951 726,44 50 000 000,00 50 000 000,00
Активдер 117 032 299,55 123 901 609,40 123 871 699,50 124 703 617,97 224 709 398,50 357 906 661,05 395 850 444,59 402 095 315,3 226 654 560,65 162 430 362,27
Кредиттик портфелдин көлөмү 114 324 782,29 124 092 540,00 130 474 101,22 133 873 211,58 213 228 216,22 352 493 869,67 337 464 552,59 390 424 679,22 252 199 984,77 190 173 624,81

“UCH Сredit” иштеген мезгилде татаал жолду басып өттү, бардык кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстандын финансы рыногунда өз позициясын жоготпой, аны бекемдей алды.

Бүгүнкү күндө биздин компания активдүү өнүгүүнү улантууда, кардарлардын каалоосуна көңүл буруп, кредиттөөнүн жаңы чөйрөлөрүн камтыды. Кардарлар базасын кеңейтүүдөн жана кредиттик продукттарды иштеп чыгуудан тышкары компанияны өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарынын бири Дүң кредиттөө болуп саналат. Биздин компаниянын пикиринде, бул жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыргалчылыгын жогорулатууга шарт түзгөн мыкты финансылык чечимдерди сунуштоо менен, Кыргыз Республикасынын туруктуу жана айкын финансы уюмдарын колдоо жана өнүгүүсүнө көмөктөшүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Мындан тышкары Компаниябызды атаандаштардан кредит берүүнүн ийкемдүү системасы жана кардарларыбызга болгон өзгөчө мамиле айырмалап турат.

Биздин компания финансы рыногунда 7 жылдан ашык убакыттан бери иштейт. 2018-жылдагы маанилүү окуя компанияны өнүктүрүү үчүн кошумча инвестицияларды тартуу болуп калды. «UCH Partners» АК компаниясынын негизги уюмдаштыруучусу тарабынан компаниянын андан ары өсүшү үчүн 95 000 000 сом суммасында инвестициялар бөлүнгөн. Кошумча инвестицияларды алуу аркылуу «UCH Сredit» компаниясы кредиттөө шарттарын жакшыртуу менен кошумча кредиттик продукттарды иштеп чыккан, алар экономиканын бардык секторлорунда иштеген ишкерлерге көмөктөшүүгө жана өнүктүрүүгө, жарандардын жашоосун, алардын финансылык жана социалдык жыргалчылыгын жакшыртууга багытталган. Биздин компания тарабынан иштелип чыккан туруктуу кардарлар үчүн улуттук валютада жылдык 24%га чейинки төмөндөтүлгөн пайыздык чен менен «Өзгөчө» жаңы кредиттик продуктун белгилей кетүү керек. «UCH Сredit» компаниясы жогорку кесипкөй кызматкерлер менен кардарга багытталган команда болуп саналат, алар кардарлар жана өнөктөштөр тарабынан сый-урматка жана ишенимге татыган, биз үчүн биринчи орунда тейлөө жана кардарга көңүл буруу турат.

Өткөн жылдардын тажрыйбасын, компаниянын оң өнүгүү динамикасын эске алып, биздин компанияны өнүктүрүүнүн перспективалуу багыттары аныкталган жана 2019-жылдын мартында уюмдаштыруучулар тарабынан 90 000 000 сом суммасында инвестициянын экинчи траншын бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Кошумча салымдарды алуу менен биздин компания жеке жактар үчүн улуттук валютада жылдык 24%га чейин пайыздык ченди төмөндөткөн, көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жана тейлөөнү жакшырткан, финансы рыногунун заманбап шарттарына ылайык келген кошумча кредиттик продукттар киргизилген. Талдоо жүргүзүп жана бир нече жылдан берки тажрыйбаны эске алып, кредиттик продукттардын шарттары ыңгайлаштырылган жана өзгөртүлгөн, мында «Өзгөчө» кредиттик продуктун баса белгилей кетүү керек, ал көп суроо-талапка ээ болуп, келечекте перспективасы бар. Ошондой эле 2019-жылы финансы рыногунун суроо-талабын эске алуу менен жаңы кредиттик продукттар иштелип чыккан жана киргизилген, алар соодада, өндүрүш чөйрөсүндө иштеген, билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө калкка кызмат көрсөткөн жеке ишканалар үчүн багытталган. Келечекте “UCH Сredit” компаниясы кредит берүү шарттарын жакшыртат жана финансы рыногундагы өзгөрүүлөргө кылдат көңүл бурат.

logo_color1.png

КРУБ курсу

Дарек

Уметалиева 99/1 кч.
Бишкек, Кыргызстан

+ 996 312 39-18-16
+ 996 312 39-18-52
+ 996 312 39-18-25
+ 996 999 77-60-50
+ 996 554 60-99-40
+ 996 555 92-49-79

office@uch-credit.kg

© Бишкек - 2024, “UCH Сredit” микрокредиттик компаниясы
КРУБ №305 күбөлүгү