СУРООҢУЗ БАРБЫ? БИЗГЕ ЖАЗЫҢЫЗ
КОМПАНИЯНЫН ЖАШООСУ
Потенциалдуу кардарларыбызды жана меймандарды биздин сайтта көрүүгө кубанычтабыз. Биздин баракчаларыбыздан пайдалуу маалыматты алып, ошондой эле биздин компаниянын жашоосу жөнүндө биле аласыз деп үмүттөнөбүз.
Жазды биздин компаниябыз Түштүк Кореядан келген меймандар, ири лак-сыр компанияларынын бири SAMHWA PAINTS IND. CO., LTD компаниясынын кызматкерлери менен тосушту. Бул инвесторлорубуздун алгачкылары. Меймандар биринчи жолу Кыргызстанга келишти, өлкөбүздө салт болгондой, меймандарды сый-урмат менен тосуп алдык. Сый-урмат, меймандостук көрсөтүү менен катар, биздин түбөлүк ак кар, көк муз жаткан, асман тиреген тоолорубуз менен мактандык.
Жайында компания үчүн маанилүү окуя болду. Биздин компания Түштүк Кореянын алдыңкы компанияларынын бири SAMHWA PAINTS IND компаниясынын атынан өнөктөшкө ээ болду. SAMHWA PAINTS IND компаниясынын жетекчилиги иш сапары менен келишти. Иштиктүү макулдашууга жетишилди жана эки компаниянын менеджменти инвестициялар жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Биз уставдык капиталды көбөйттүк. Өнөктөштөрүбүз үчүн Кыргызстанга болгон сапар жагымдуу сюрприз болду. Алар элибиздин меймандостугун, жагымдуу климатты, бийик тоолорду жана жерибиздин бермети болгон Ысык-Көлдү өзгөчө суктануу менен белгилешти.
Биздин жаш компаниябыздын жашоосу активдүү жүрүүдө! Биздин команда бир күн дагы ишсиз отурбайт, эгерде компаниянын иш күндөрү кызуу өтсө, дем малыш күндөрү андан дагы кызыктуу өтөт. Компаниябыздын жаш, күч-кубатка толуп турган командасы дем алышты көңүлсүз өткөрө албайт. Ар бир майрам жана дем алыш өзгөчө болот. Ушул кыштагы көңүлдүү жана эсте каларлык күндөрдүн бири Чоң-Таш айылына жүрүш болду. Таза аба, жумшак кар, тоо жаңырткан адамдардын шайыр күлкүсү бизди балалыкка жетелеп барды. Баллонго отуруп, жогорку ылдамдыкта тоодон ылдый түшүп жатышты, баштан-аяк карга чөмүлүшүп, сыйкырдуу кар жомогунун каармандарына окшоп жатышты.
Компаниябыздын маданий-руханий жашоосу дагы көңүл сыртында калган жок. 16-мартта биз ARGISHTY «Арараттан жогору» концертине бардык, анда армян дудугу, блур, нэй, виртуоздук гитара, перкусия жана клавиша жаңырды, бул Марина Соснинанын кум шоусу менен коштолду. Жагымдуу жана лирикалык музыка сахнада жаңырып, угармандарга армян жана чыгыш обондорун тааныштырды. Армян дудугунун чебери ARGISHTY угармандарды бөтөнчө армян дүйнөсүнө алып барды, ал эми Маринанын кум шоусу көрүүчүлөргө жомокко жуурулушуп, анын катышуучусу болуу мүмкүнчүлүгүн берди. Ар бир көрүүчү бул бөтөнчө дүйнөгө чөмүлүштү. Көз алдыга каармандары менен жомоктогудай сюжеттер тартылып, тоо бүркүтү айланган Арараттын кооз тоо боорлору, тез жүгүргөн күлүктөр, шамал менен жарышкан чабандестер, чабандести күткөн суйкайган сулуу кыз. Айылдагы жайлуу үйлөрдө жарык күйүп, кимдир бирөө үйгө шашып баратат, алыста жалгыз дарактын түбүндө акылман дүйнө тууралуу терең ойго батып отурат, толкуган океанды бойлой арык чырай кыз турат, ошол замат асманга көкөлөй аппак куш болуп учат.