СУРООҢУЗ БАРБЫ? БИЗГЕ ЖАЗЫҢЫЗ
ДЕМ АЛЫШ КҮНДӨГҮ ЖҮРҮШ
Иш жумасынан кийин биздин команда борбор калаанын тургундарынын жана меймандарынын жакшы көргөн эс алуу орду – Аламедин капчыгайына жүрүш уюштурду. Таза аба ырайы, жемиштерге, козу карындарга толгон шалбаа, мөңгү баскан бийик тоолор, кайың токою. Эң башкысы биз шаркыратмага бардык! Ырахат алдык жана жаратылыш энергиясынан күч-кубат топтодук!